
.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 1 миллиард 200 миллион сом өлчөмүндө каражат каралган сметаны бекитти.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, көрсөтүлгөн сумма шайлоонун экинчи туру өтүшү мүмкүн экенин эске алуу менен эсептелген. Эгер президенттик шайлоо биринчи турда эле жыйынтыкталса, чыгымдардын көлөмү азаят.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына белгилеген. Бул күн шаршембиге туура келет жана жаңы талаптарга ылайык, шайлоо күнү дем алыш күнү катары жарыяланган.