
.
Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койду.
«Ынтымак ордо» президенттин жарлыгы шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана бардык талапкерлер үчүн тең шарт түзүүгө багытталганын билдирди.
Документке ылайык, мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерин, окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо жана медициналык мекемелердин, ошондой эле ишкана-мекемелердин кызматкерлерин белгилүү бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.
Министрлер кабинетине мыйзамсыз үгүт иштерине катышкан же кызматтык абалынан пайдаланып кайсы бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн мамлекеттик кызматкерлерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу, зарыл болгон учурда кызматтан бошотуу боюнча чара көрүү тапшырылды.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Жогорку Кеңеш бул датаны 24-сентябрда бекиткен.
Конституцияга ылайык, президенттикке 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан кеминде 15 жыл жашаган Кыргызстандын жараны талапкер боло алат. Ошондой эле талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын топтошу керек.
Буга чейин Садыр Жапаров алдыдагы шайлоого талапкер катары катышарын билдирген. Ал эми мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев 24-сентябрда президенттикке талапкерлигин коё турганын жарыялаган.