
.
Бишкек шаарында жыл башынан бери балдар катышкан 251 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 5 бала каза болуп, дагы 275 бала ар кандай жаракат алган.
Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, жол кырсыктарына негизинен унааны жогорку ылдамдыкта айдоо, мас абалында рулга отуруу, ошондой эле жол эрежелерин жана жол белгилеринин талаптарын сактабоо себеп болууда.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыктарынан 464 адам каза болгон. Алардын 99у Чүй облусунда, 75и Ош облусунда, 70и Ысык-Көл облусунда катталган. Калган аймактарда 10дон 60ка чейин адам жол кырсыгынан көз жумган.
Ал эми 2025-жылы өлкөдө 8 миң 456 жол кырсыгы катталып, 900 адам каза болгон. Дагы 12 миңдей адам ар кандай жаракат алган.