
.
12 жылдык билим берүүдө 1-2-класстардын программасы кайра каралышы мүмкүн
12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында 1-2-класстардын окуу программасы келечекте кайра каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.
Анын айтымында, жаңы системага өтүүдө, айрыкча алты жаштагы балдар үчүн айрым кыйынчылыктар жаралары алдын ала белгилүү болгон.
«Бир балага бир жылда эки жылдык окуу материалын өздөштүрүү кыйын. Мындан тышкары, окуу китептеринин кечигиши жана айрым материалдардын татаалдыгы да көйгөй жаратууда», — деди Токтомаметов.
Ал 1-2-класстардын программасын адистер менен биргеликте кайрадан талдап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, биринчи класста баланын социалдашып, өзүн таанып, башкалар менен мамиле түзүүсүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек.
Токтомаметов 2-класстын окуу материалдары да оор болуп калганын айтып, эксперттер программаны кеңири талдап чыгарын кошумчалады.
Буга чейин ата-энелер социалдык тармактарда 2-класска өткөн балдар кайрадан 1-класстын программасын окуп жатканына нааразычылыктарын билдиришкен.







