
.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн криминалдын таасирин азайтуу жана коррупцияга каршы күрөш менен байланыштырды.
Мамлекет башчысы АКШдагы ишкер коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда 2020-жылга чейин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун таасири күчтүү болгонун айтты. Анын айтымында, бийликке келгенден кийин криминалдын таасири «бир суткада жок кылынган».
Жапаров Кыргызстанда коррупция дагы эле бар экенин, бирок мурдагы деңгээлде эместигин белгиледи. Ал чет элдик ишкерлерди өлкөгө келип, мыйзамдарды сактоо жана салык төлөө менен иш алып барууга чакырды.
Президенттин айтымында, бүгүнкү Кыргызстан 2020-жылга чейинки өлкөдөн айырмаланат жана мыйзам чегинде иштеген ишкерлер үчүн бизнес жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
Ошондой эле Жапаров акыркы төрт жылда ички дүң өнүмдүн өсүшү 10%дан төмөн болбогонун, ал эми быйылкы өсүш 11,1% түзгөнүн билдирди.
Ал экономикалык өсүшкө таасир эткен негизги факторлордун катарына криминалдын жана коррупциянын азайышын, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөөнү кошту.



