
Дүйнөлүк Антверпен алмаз борбору (AWDC) АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына карата АКШнын президенти Дональд Трампка 321 табигый бриллиант менен кооздолгон алтын шакек белек кылды. Белек АКШнын Бельгиядагы элчиси Билл Уайтка тапшырылганын ТАСС маалымдады.
AWDCнин маалыматына ылайык, шакек алтындан жасалып, ага 321 табигый бриллиант жана дагы 75 баалуу таш орнотулган. Белекти жасоодо жалаң гана табигый алмаздар колдонулган.
Борбордун зергерлеринин айтымында, табигый жана лабораторияда жасалган алмаздарды көз менен айырмалоо кыйын болгону менен, алардын келип чыгышы, баалуулугу жана макамы олуттуу айырмаланат.
Антверпендин кылымдарды карыткан алмаз тармагы негизинен табигый алмаздарды иштетүү жана сатуу менен алектенет. Бирок акыркы жылдары АКШда кеңири жайылган жасалма алмаздардын атаандаштыгы бул тармакка олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.
Мындан тышкары, 2024-жылдан тартып Европа Биримдигинин Россиядан чыккан алмаздарга киргизген санкциялары да Антверпендин алмаз соодасына терс таасирин тийгизди. Натыйжада бир катар жергиликтүү компаниялар банкротко учурап, 2023–2025-жылдары алмаз соодасынын көлөмү дээрлик эки эсеге азайып, 10 миллиард евродон 6 миллиард еврого чейин төмөндөгөнү айтылат.