
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы парламент спикери Марлен Маматалиевдин өзүнө карата айткан дооматтарын негизсиз деп атады.
Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кирип бара жатып журналисттердин суроолоруна жооп берип, Маматалиевдин билдирүүлөрүн чындыкка дал келбеген "жомок" деп мүнөздөдү.
"Өзү эле бир нерселерди айтып жатат. Мына, соттук иштердин жүрүшүндө деле бардыгы ал айткандай эмес, тескерисинче болуп жатат", — деди Тургунбек уулу.
Ошондой эле ал 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме түзүп, жакындарына мандат алып берген деген дооматтарды да четке какты. Анын айтымында, шайлоодон кийин жеңишке жеткен айрым талапкерлер менен жолукканы чын, бирок анда Жогорку Кеңештеги кызматтарды бөлүштүрүү маселеси талкууланган эмес.
Мындан тышкары, Нурланбек Тургунбек уулу өзүнө тагылып жаткан "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айыпты да четке кагып, мындай дооматтарга макул эместигин билдирди.



