
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.
Анын айтымында, учурда бензиндин кымбатташы АКШ менен Ирандын ортосундагы геосаясий чыңалуудан улам болууда. Эгер эки өлкө орток пикирге келип, абал турукташса, дүйнөлүк рынокто өзгөрүүлөр болуп, күйүүчү майдын баасы төмөндөшү мүмкүн.
Ошондой эле депутат Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Россиядан алып келерин белгилеп, келишимде каралган көлөм толугу менен камсыздаларын айтты.
«Ирандагы кырдаал курчуганда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынын өткөргөн. Ал жерде айтылган маселелерди ачык айта албайм. Бирок мындай жагдайларга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлөт. Өлкөдө күйүүчү май жана азык-түлүк боюнча жетиштүү запастар бар. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча үч айдан алты айга чейинки кор түзүлгөн, ошондуктан кооптонууга негиз жок», — деди Маматалиев.