
Бишкек шаарында 2026-жылдын 23-июнунда Т. Усубалиев атындагы аянтта Португалия – Өзбекстан беттешин бирге көрүү үчүн күйөрмандар аянтчасы уюштурулду. Бул иш-чара 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалдык этабынын экинчи туруна арналды.
Аянтта чоң экран орнотулуп, тургундар жана шаар коноктору беттешти түз эфирде көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чарага футбол сүйүүчүлөрү көп санда келип, өз командаларын активдүү колдоп турушту.
Күйөрмандар үчүн ар кандай интерактивдүү оюндар, сынактар жана баалуу белектер ойнотулуп, иш-чара майрамдык маанайда өттү. Катышуучулар футбол атмосферасын бирге сезип, дүйнөлүк спорттук иш-чаранын духун жакындан туюшту.
Беттеш учурунда аянтта өзгөчө шаңдуу маанай өкүм сүрүп, күйөрмандар эки команданы тең кызуу колдошту. Оюндун курч учурлары көрүүчүлөрдүн кол чабуулары жана эмоциялуу реакциялары менен коштолду.
Бул күйөрмандар аянтчасы Бишкек тургундарына жана конокторуна эл аралык деңгээлдеги футболдук беттешти бирге көрүп, спорттук майрамдын атмосферасын жакындан сезүүгө шарт түздү.