
Талас облусунун Манас шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 23-июнда таңкы саат 03:30дар чамасында Курманбек жана Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда BMW X5 жана Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Daewoo Tico унаасынын 46 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде көз жумган.
Ал эми BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен. Көп өтпөй ал кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал 18 жаштагы жаран экени маалым болду.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.