
Бишкек-Суусамыр-Ош автожолундагы Өтмөк жана Ала-Бел ашууларынын ортосунда Таластын “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына Россиянын Алтай өрөөнүнөн атайын алынып келинген 3 марал жүргөнү байкалган.
Бишкек-Суусамыр-Ош автожолундагы Өтмөк жана Ала-Бел ашууларынын
ортосунда Таластын “Беш-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына Россиянын
Алтай өрөөнүнөн атайын алынып келинген 3 марал жүргөнү байкалган.
Маралдар жаратылыш паркынан аталган ашууларга өз алдынча чыгып кетишкен.
Жаныбарларды аталган аймактагы малчылар байкап, тийишитүү мамлекеттик
мекемелерге кабарлашкан.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн
кызматкерлери Кызыл китебине киргизилген маралдарга зыян келтиргендерге
кылмыш иши козголуп, 1,5 миллион сом өлчөмүндө айып пул жана доо
салынары эскертишет.
Ал эми ашуулардан табылган маралдар жакын арада кайра “Беш-Таш”
жаратылыш паркына жеткирилет. Белгилей кетсек, маралдар 2022-жылы
Кыргызстанга алып келинген.