
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды.
Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, экс-депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу” беренеси боюнча айып коюлган.
Соттун чечими менен Төрөкулов 30-июнга чейин тергөө абагына камалды.
Белгилей кетсек, ал 2021-жылы да коррупцияга жана Ош шаарындагы ишканалардын бирин рейдерлик жол менен басып алууга шектелип кармалган. Дүйшөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” каймана аты менен белгилүү.