
Чүй облусунда 14 жаштагы өспүрүм туугандары тарабынан зомбулукка кабылып жүргөнүн айтып, үйүнөн качып чыккан.
Социалдык тармактарда тараган видеодо өспүрүм жергиликтүү тургунга акыркы эки жылдан ашуун убакыттан бери туугандары аны мажбурлап иштетип, сабап келгенин билдирген. Анын айтымында, денесине курч нерсе менен да жаракат келтирилип турган.
Бала айткан сөздөрүн тастыктоо үчүн денесиндеги жаракаттардын изин көрсөткөн. Видеону тартып жаткан жаран аны дароо милиция бөлүмүнө алып барган.
Бул окуя боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымат берип, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.