
Ош облусунун Алай районундагы Датка айыл аймагына караштуу Ташлак айылында жол кырсыгы катталып, аял киши менен анын кызы жабыркады. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда автоунаа көчөдө жүргөн адамдарды сүзүп кеткен учур тартылган видео тараган. Анда бир нече баланын жабыркаганы айтылган.
Милициянын маалыматына ылайык, кырсык 21-июнь күнү кечки убакта болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Audi үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 46 жаштагы И.А. Фуркат айылынын тургуну, 35 жаштагы Т.Н. жана анын 12 жаштагы кызын сүзүп кеткен.
Учурда окуя боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүрүп жатат.