
Президент Садыр Жапаров адабият жана искусство жаатындагы 2025-жыл үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик сыйлык өз тармагында өзгөчө жетишкендиктерди жараткан чыгармачыл инсандарга ыйгарылды.
Адабият жаатында сыйлык жазуучу Ишен Айтмамбетовго «Бет-Алман» аттуу тарыхый романы үчүн берилди.
Музыкалык искусство жаатында композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков «Боз жорго» музыкалык чыгармасы үчүн сыйланды.
Ал эми кино искусствосу, радио жана телекөрсөтүү багытында Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Тилек Абдыкадыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган төрт сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн мамлекеттик сыйлыкка татыды.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзамынын негизинде ыйгарылды.



