
Бишкек шаарындагы медреселердин биринде тамактан кийин өзүн жаман сезген 37 адам медициналык жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымында, кайрылгандардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылган. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар Арча-Бешик конушундагы Абдуллах ибн Масъуд атындагы медреседе берилген оливье салатын жешкенин билдиришкен.
Учурда уулануунун себептерин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.