
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «75чилердин каты» боюнча соттук отурумда күбө катары көрсөтмө берди.
Анын айтымында, айыпталуучулардын бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөнү тууралуу так маалыматы жок. Бирок парламенттеги бөлүнүү белгилери VIII чакырылыштын ишинин башында эле байкала баштаганын белгиледи.
Сот отурумунда айыпталуучу Камчыбек Ташиев депутатка суроо берип жатып, анын атасы каза болгондо биринчи болуп көңүл айткандардын бири болгонун эске салды. Мындан кийин экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алды.
Сурабалдиева муну өзүнө карата басым катары баалап, Ташиев мурда бир нече жолу камакка алуу менен коркутканын айтты.
Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «75чилердин каты» боюнча сот жараяны биринчи жолу ачык форматта өтүүдө. Бул иш боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда. Аларга карата эч жакка чыкпоо тил каты колдонулган.
Ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталып, тергөө абагында кармалууда.