
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиевдин айтымында, 2026-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө орточо айлык номиналдык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 49 миң 660 сомду түздү.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,3 пайызга жогорулаган.
Эң чоң өсүш айыл чарба, токой чарбасы жана балык чарбасы, маданият, көңүл ачуу жана эс алуу, суу менен камсыздоо жана калдыктарды кайра иштетүү, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө, каржы жана камсыздандыруу, кыймылсыз мүлк операциялары, энергетика, билим берүү жана курулуш тармактарында катталган.