
12-июнда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көлдүн айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө күндүз 30…35°, Таласта 28…33°, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 30…35° жылуу болот. Ысык-Көлдө 20…25°, Нарында 22…27° жылуулук күтүлөт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы күндүз 31…33° болот.
Чолпон-Ата шаарында да өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз абанын температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт.