
Улуттук банк жарандарды алдамчылардын жаңы ыкмасы тууралуу эскертип, этият болууга чакырды. Маалыматка ылайык, шылуундар акыркы убакта өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардын акчасын алдап алуу аракетин көрүүдө.
Мекеменин билдиришинче, алдамчылар социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу байланышып, ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жөнөтүшөт. Алар жарандарга "Түндүк" порталындагы аккаунту бузулганын, жеке маалыматтары үчүнчү жактарга өтүп кеткенин жана алардын атына насыя таризделгенин айтышат.
Андан соң шылуундар акчаны "коопсуз эсепке" которууну сунуштап, ушундай жол менен каражаттарды өздөрүнө алып кетүүгө аракет кылышат.
Улуттук банк мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырып, жарандардын жеке маалыматтарын, банктык реквизиттерин, сыр сөздөрүн жана бир жолку коддорун эч кимге бербөөнү эскертти. Ошондой эле акча каражаттарын бейтааныш адамдар көрсөткөн эсептерге которбоо сунушталат.
Эгер мындай билдирүү же чалуу келип түшсө, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, өзүңүз тейленген банкка же укук коргоо органдарына кайрылуу керек.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта жарандарга Түндүк аркылуу өз атына насыя алууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгү берилген. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 13-мартка карата 218 миңден ашуун жаран бул кызматты колдонгон.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдиргендей, жыл башынан берки төрт айда интернет жана телефон аркылуу жасалган алдамчылык фактылары боюнча 4391 материал катталып, 1711 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1116 иш боюнча тергөө уланууда.



