
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-июндан 9-июнга караган түнү өлкөнүн түштүк аймактарында кеңири масштабдагы антитеррордук атайын операция өткөрдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, операциянын жүрүшүндө эл аралык террордук уюмдар деп таанылган «Катиба аль-Таухид валь-Жихад» жана «Ислам мамлекети» уюмдарынын активдүү мүчөлөрү нейтралдаштырылган. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана диний ишмерлерге каршы террордук актыларды уюштурууну пландап жатышкан.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу районунун, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын аймагында антитеррордук операциянын укуктук режими киргизилген.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында террордук кылмыштарды даярдоого шектелген 31 адам кармалды. Алардын 11и Ош облусунда, 20сы Баткен облусунда кармалганы айтылды.
Тинтүү учурунда шектүүлөрдөн диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдар сакталган электрондук маалымат ташуучулар, каттоодон өтпөгөн төрт ок атуучу курал, террордук уюмдардын символикасы жана чет өлкөлөрдөгү жашыруун террордук түзүмдөрдү каржылоого арналган акча каражаттары алынган.
Атайын операцияны кырдаалдык борбордон реалдуу убакыт режиминде УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Жумгалбек Шабданбеков жетектеген.
Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы кармалгандардын байланыштарын, мүмкүн болгон шериктерин жана мыйзамсыз ишмердүүлүктү каржылоо каналдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иштерин улантууда.
УКМК терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги багыттарынын бири бойдон каларын белгиледи.



