
1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы коомдук транспорт системасында бир катар өзгөрүүлөр ишке ашырылат.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров билдиргендей, буга чейин иштеп келген автобус каттамдары кайрадан инвентаризацияланып, №1ден №72ге чейин бирдиктүү тартипте номерленет.
Ошондой эле автобустарда жол кирени накталай төлөө толугу менен токтотулуп, төлөмдөр электрондук форматта гана кабыл алынат.
Мындан сырткары, шаарда түнкү автобус каттамдарын ишке киргизүү пландалууда. Алар саат 22:00дөн таңкы 05:00гө чейин каттап, болжол менен ар 40 мүнөт сайын жүрөт. Түнкү каттамдар борбор калаанын негизги райондорун өз ара байланыштырат.



