
Кыргызстанда шайлоону шаршембиге өткөрүү сунушталды
Кыргызстанда шайлоолорду жекшемби күнү эмес, шаршемби күнү өткөрүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилердин айтымында, азыркы учурда шайлоолор эс алуу күнүнө туш келгендиктен, көптөгөн жарандар добуш берүүгө катышпай, шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн бойдон калууда.
Мыйзам долбооруна ылайык, шайлоо күнү расмий түрдө акы төлөнүүчү дем алыш күн деп жарыяланат. Бирок жүйөлүү себепсиз добуш берүүгө катышпаган жарандарга ошол күн үчүн эмгек акы төлөнбөйт жана бул күн эмгек стажына кошулбайт.
Ошол эле учурда шайлоого катышып, андан кийин жумушка чыккан кызматкерлерге иштеген күнү үчүн эки эселенген өлчөмдө эмгек акы төлөө сунушталууда.