
Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин биринин алты кызматкери кешикке келген этти жеп, тамак-аштан ууланууга кабылды.
Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар 8-июнда медициналык жардам сурап кайрылышкан. Алардын экөө ооруканага жаткырылса, калган төртөө амбулатордук дарыланууда.
Адистердин айтымында, окуяга ысык аба ырайында тамак-аштын талаптагыдай сакталбай калышы себеп болушу мүмкүн.
Санитардык кызмат жарандарды өзгөчө жай мезгилинде той-топурдан жана башка иш-чаралардан алып келинген тамак-аштарды колдонууда этият болууга чакырып, алардын жаңы экенине ынанып андан кийин гана жеш керектигин эскертти.