
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү.
Президент Садыр Жапаров жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүүгө багытталган мыйзамга кол койду.
Эми мындай мыйзам бузуу үчүн 20 суткага чейин камакка алуу жана 12 жылга чейин транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу каралган. Буга чейин камак мөөнөтү 7 сутканы түзчү.
Ошондой эле мас айдоочунун күнөөсүнөн адам жабыркаган жол кырсыгы катталса, күнөөлүү 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми кырсыктан адам каза болсо, жаза мөөнөтү 10 жылдан 12 жылга чейин көбөйтүлдү.
Мындан тышкары, мыйзам менен мопеддерди жана электр скутерлерди милдеттүү түрдө каттоого алуу талабы киргизилди. Аларды башкаруу үчүн эми А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.