
Жоламан Шаршенбеков ирандык балбанды жеңип, кийинки айлампага өттү
Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик турниринде кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңиш менен баштады. Ал 63 килограмм салмак категориясындагы алгачкы беттешинде ирандык Эрфан Жаркани менен күч сынашып, атаандашын жеңип алды.
Учурда Кыргызстандын балбандарынын эсебинде 1 күмүш жана 4 коло медаль бар.