
Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат. Бул багытта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Улуттук илимдер академиясы биргелешип иш алып барат.
Тиешелүү кызматташуу келишимине 5-июнда, Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чаранын алкагында кол коюлду.
Кызыл китепке жоголуп кетүү коркунучунда турган, саны азайып бара жаткан жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрү киргизилет. Ал жаратылышты коргоо жаатындагы негизги мамлекеттик документтердин бири болуп саналат.