Кыргызстандыктардын ажылык жана умра сапарын уюштуруу тартибин жаңылоо сунушталууда. Бул тууралуу Дин иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик коомдук талкууга чыгарган документте айтылат.

Долбоор «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдын негизинде иштелип чыккан. Анда азыркы тартипте бир катар маселелер бар экени белгиленген. Тактап айтканда, ажылыкка баруучулар үчүн электрондук кезек толук кандуу жөнгө салынбаганы, катышуучуларды алмаштыруу жана каражаттарды кайтаруу эрежелери так көрсөтүлбөгөнү айтылат.
Ошондой эле зыяраттын баасын эсептөөнүн бирдиктүү механизми жок экени, каттоо жана медициналык текшерүүлөр мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланбаганы белгиленген. Мындан улам айрым иштер дагы эле кагаз түрүндө жүргүзүлүп келет.
Документте авиакомпанияларды тандоо талаптарын, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу тартибин жана ажы башчылардын макамын тактоо да каралган. Жаңы эрежелер кезекке туруу жана каржылык операцияларды санариптештирүүнү, чыгымдарды ачык бөлүштүрүүнү жана мамлекеттик органдар менен Муфтияттын жоопкерчилигин так аныктоону көздөйт.
Долбоор 18 бөлүмдөн жана 6 тиркемеден турат.