
Садыр Жапаров бут кийим жасап барган чеберге 10 миң доллар берген
Садыр Жапаров бут кийим жасап барган чеберге 10 миң доллар карматып, дагы тапшырык берди
Жеке ишкер Алмаз Өмүр өлкө башчы Садыр Жапаров үчүн булгаарыдан бут кийим ултарып, кечээ аны президентке тартуу кылган.
Чебердин айтымында, ажо белекти абдан жактырган. Өлкө ичинде кийип жүрүүнү убада кылып, чет элдик сапарлар үчүн дагы бирди тигип берүүнү тапшырган. Кемчиликтерин, оңдоп-түзөй турган жерлерин көрсөтүп берип, ишкерди куру кол узатпай 10 миң доллар карматкан.