
Бишкекте мугалимсиз мектеп иштей баштайт
Жаңы окуу жылынан тарта Кыргызстанда IT тармагындагы адистерди даярдоого багытталган “Мектеп 21” санариптик технологиялар мектеби ишин баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, долбоор Россиянын “Сбербанк” тарабынан иштелип чыккан билим берүү платформасынын франшизасынын негизинде ачылууда. Окуу жай Бишкектеги Шаардык МАИнин аймагында жайгашып, ага кесиптик лицейлердин пайдаланылбай турган эки имараты бөлүнгөн.
Кабыл алуу өнөктүгү июнь айынын экинчи жарымында башталат. Мектепке 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар акысыз негизде тапшыра алышат.
Министр белгилегендей, окуу процесси салттуу мугалимдерсиз жүргүзүлүп, студенттердин өз алдынча билим алуусуна жана практикалык тапшырмалар аркылуу көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө негизделет. Долбоордун негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногунда талап кылынган адистер катары даярдап, аларды жумуш менен камсыз кылуу.
Кендирбаеванын айтымында, “Мектеп 21” дүйнөдө санариптик технологиялар жана программалоо багытында кадрларды даярдоонун алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болуп эсептелет.



