
Аскерлердин тамак-ашына бөлүнгөн каражатты көбөйтүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тамак-ашына бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады.
Ал парламенттин 3-июндагы жыйынында билдиргендей, учурда аскерлердин жана укук коргоо кызматкерлеринин суткалык тамак-ашына 70 сом бөлүнөт. Ал эми абакта отургандарга күнүнө 130 сомдон бөлүнүп жатканы белгиленди.
Депутаттын айтымында, күнү-түнү өлкөнүн коопсуздугу үчүн кызмат өтөгөн аскерлердин тамак-ашына каралган каражат азыркы шарттарга ылайык келбейт жана аны жогорулатуу зарыл.



