
Кара-Балтада коррупцияга шектелип вице-мэр жана ишкана жетекчиси кармалды
Кара-Балта шаарында коррупциялык схемага шектелип эки аткаминер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жана кызматтык кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кара-Балта мэриясынын кызмат адамдарынын мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Кара-Балта шаардык мэриясына караштуу “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору Э.М.У. менен шаардын вице-мэри К.А.У. кызматтык абалынан пайдаланып, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү бюджеттин кызыкчылыктарына каршы аракеттенишкени белгиленет.
УКМКнын маалыматына ылайык, алар жеке жактарга кум-шагыл аралашмасын жана битумдук асфальтты мыйзамсыз сатуу схемасын уюштурган деп шектелүүдө.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кызмат адамдары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.