
2026-жылдын 18–22-май күндөрү «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Жалал-Абад жана Ош облустарындагы билим берүү уюмдарында мектептерде санариптик технологияларды киргизүү деңгээлин жана берилген компьютердик жабдуулардын натыйжалуу колдонулушун баалоо максатында мониторинг жүргүзүлдү
Мониторингге Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун адистери, ошондой эле «Түндүк» ААКнын санариптик билим берүү тармагындагы эксперттери катышты. Жалал-Абад жана Ош облустарынын бир катар райондорундагы, ошондой эле Ош, Манас жана Кара-Көл шаарларындагы мектептер камтылды.Негизги көңүл санариптик жабдууларды жана «Санарип Кампа», «Күндөлүк», «Мугалим», «Мектеп» платформаларын колдонууга, техникалык абалга жана интернет байланыштын сапатына бурулду. Жыйынтыгында көпчүлүк мектептерде жабдуулар максаттуу колдонулуп, окуу процессинде активдүү пайдаланылып жатканы белгиленди. Санариптик каражаттар сабактардын сапатын жогорулатууга, окуу материалдарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.Мониторинг учурунда мугалимдерге жана мектеп информатиктерине практикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүлдү. «Алтын Казык» программасынын алкагында берилген ноутбуктардын, өзгөчө STEM предметтеринде жана башталгыч класстарда, натыйжалуу колдонулуп жатканы белгиленди. Ошондой эле мугалимдерди техникалык жабдуулар менен камсыздоону улантуу зарылдыгы айтылды.Мындан тышкары «Санарип Кампа» платформасынын мазмунун кеңейтүү боюнча сунуштар жана айрым мектептерде интернет ылдамдыгы менен адистердин даярдыгына байланыштуу маселелер катталды. Бул багыттар боюнча тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөр берилди.Жыйынтыгында билим берүү системасында санариптештирүүнүн оң динамикасы тастыкталып, инфраструктураны андан ары өнүктүрүү жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.