
Хорватиялык жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган эл аралык European Mathematical Cup (Европалык математикалык кубок) олимпиадасында Кыргызстандан катышкан окуучулар үч коло медаль утуп алышты. Бул мелдеш 14 жылдан бери өткөрүлүп келет
Жеңүүчүлөр: 1. Нурайым Мухаматнабиева - коло медаль, 10-класстын окуучусу, «Акылман» президенттик лицейи; 2. Алиярова Камила - коло медаль, 10-класстын окуучусу, «Газпром Кыргызстан» мектеби. Машыктыруучулары: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол; 3. Шакиралиев Адилет - коло медаль, Купуев академиясы.Машыктыруучусу: Абдураимов Шумкарбек. Кыргызстан бул олимпиадага 2022-жылдан бери катышып келет. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн эсебинде 3 күмүш жана 5 коло медаль бар. European Mathematical Cup эки категорияда өткөрүлөт - Junior жана Senior. Катышуучуларга 4 сааттын ичинде алгебра, геометрия, комбинаторика жана сандар теориясы боюнча 4 маселе чечүү тапшырмасы берилет.