
Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди
Бүгүнкү күнгө карата жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү, ал эми калган 20 чакырымында иштер жүрүп жатат.
Жол 2 тилкелүү болуп, оор жүк ташуучу унааларга да ылайыкталууда. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда.