
Баткен шаары
Баткен шаарында окуучулар башкарган унаа токтотулуп , айып короого киргизилди. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен шаарында жол тескөөчүлөр тарабынан "Лексус LX 470" үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны жашы жете элек бала, аны менен катар мектеп окуучуларын - классташтарын салып, башкарып жүргөн.
Автоунаа айып короого киргизилип, тийиштүү протоколдор түзүлдү.