
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги TUU media компаниясы менен биргеликте өлкөнүн жети облусун камтыган ири музыкалык турду баштады
Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты — заманбап кыргыз музыкасын жайылтуу жана жаш таланттарды колдоо. Маалыматта белгиленгендей, бул маданий иш-чара президенттин инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана улуттук баалуулуктарды сактоо тууралуу жарлыктарынын алкагында өткөрүлүүдө. Сахнада жаштар арасында популярдуу аткаруучулар — Bakr, Бегиш, Баястан, Freeman993, Aftok, Era, 7Gen, AGA-INI жана башка белгилүү ырчылар чыгышат.
Концерттердин графиги төмөнкүдөй:
20-май – Баткен шаары (А. Сапаров атындагы стадиондо өттү);
26-май – Ош шаары;
2-июнь – Манас шаары;
8-июнь – Талас шаары;
17-июнь – Нарын шаары;
23-июнь – Каракол шаары;
30-июнь – Бишкек шаары (Т. Усубалиев атындагы эски аянт).
Бардык концерттер көрүүчүлөр үчүн акысыз уюштурулат. Коопсуздук чаралары жергиликтүү бийлик тарабынан камсыздалат.