
архивдик сүрөт
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу ыктымал.
Күндүз да аба ырайы туруксуз болуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар түшөт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы төмөнкүдөй:
Чүй облусу: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +21…+26°
Талас облусу: түнкүсүн +6…+11°, күндүз +16…+21°
Баткен облусу: түнкүсүн +11…+16°, күндүз +24…+29°
Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +11…+16°, күндүз +24…+29°
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +13…+18°
Нарын облусу: түнкүсүн +3…+8°, күндүз +13…+18°
Бишкек шаарында булут каптап, жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +22…+24° болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +8…+10°, күндүз +13…+15° болот.