
сүрөт интернет булагынан колдонулду
Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарынын көлөмү 2018-жылдагы 1 047,8 миң тоннадан 2024-жылы 1 646,5 миң тоннага чейин өсүп, жалпы өсүү 57%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин «Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасынын көрсөткүчтөрү» аттуу басылмасында айтылды.
Маалыматка ылайык, калдыктардын көлөмүнүн өсүшү дээрлик бардык аймактарда байкалып, урбанизациянын күчөшү жана таштандыларды чогултуу системаларынын өнүгүшү менен байланыштуу.
Калктын жан башына туура келген таштанды көлөмү эң жогору Ысык-Көл облусунда жана Талас облусунда катталган. Бул аймактардагы жогорку көрсөткүчтөр негизинен тоо-кен тармагындагы активдүү ишмердүүлүк менен түшүндүрүлөт. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында көрсөткүчтөр кыйла төмөн: борбор калаада бир адамга жылына орточо 120 килограмм таштанды туура келет.
Улуттук статистика комитети аймактар арасында олуттуу айырмачылыктар бар экенин белгилеп, таштандынын көбөйүшү ресурстарды кайра иштетүүгө жана кайра колдонууга багытталган “циркулярдык экономика” моделине өтүү зарылдыгын көрсөтөрүн билдирет.