
Бакыт Шарапов "Алайкуу Органикс" сүттү кайра иштетүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Иш сапардын жүрүшүндө ишкананын өндүрүш процесси, сүт кабыл алуу тартиби жана даяр продукциялардын сапаты каралды. Ишкана учурда Ноокат району, Араван району жана Кара-Суу районунун аймактарындагы фермерлерден күн сайын сүт алып, аны кайра иштетүү аркылуу айран, каймак, май жана сыр өндүрүп келет.
Өндүрүлгөн продукциялар ички рынокко чыгарылып, калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза сүт азыктары менен камсыздоодо. Таанышуу учурунда сүт кабыл алууда ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, чийки сүттүн сапатын текшерүү, малдын жугуштуу оорулардан таза болушу, саан учурундагы санитардык эрежелерди сактоо жана сүттү муздатуу шарттары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.



