
ФАОнун Генералдык директору менен жолугушуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Марсбек уулу Илич ФАОнун Европа үчүн регионалдык конференциясынын 35-сессиясынын алкагында ФАОнун Генералдык директору менен жолугушууга катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ФАОнун ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү багыттарын талкуулашты. ФАОнун Кыргызстандагы улуттук жана регионалдык долбоорлорунун мааниси белгиленип, агрардык секторду өнүктүрүүдөгү ролу жогору бааланды.
Ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, санарип жана инновациялык чечимдерди киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, минералдык жер семирткичтердин тартыштыгы жана баалардын өсүшү азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришти.