
азык-түлүк жарманкеси
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.
Жарманке Кадамжай районунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана калкка базар баасынан арзандатылган баада продукция сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында өткөрүлдү.
Жарманкеде төмөнкү азык-түлүктөр арзандатылган баада сатылды:
- Уй эти — 650 сом
- Кой эти — 650 сом
-Картошка — 1 кг 50 сом
-Сабиз — 1 кг 30 сом
-Пияз — 1 кг 15 сом
Иш-чарага район тургундары активдүү катышып, сапаттуу азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.