
автожүрүш
Бүгүн, 7-май күнү Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган “Жеңиш ырлары” аттуу автожүрүш уюштурулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты — тарыхый эстутумду сактоо, жаш муундарды аскердик-патриоттук духта тарбиялоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүү болду. Автожүрүшкө “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.
Автоколонна Бишкектен чыгып, Ата-Бейит мемориалдык комплекси аркылуу 73809-аскер бөлүгүнө чейин (“Ала-Тоо” полигону) барып, андан соң Беш-Күңгөй айылы аркылуу кайра кайтып келди.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар “Жеңиш” мемориалына гүл коюп, согушта курман болгон баатырларды эскеришти. Мындан тышкары, согуш жылдарындагы ырлар жаңырып, элдин эрдиги, биримдиги жана кайратмандыгы даңазаланды.