
сүрөт маалыматтык максатта интернет булактарынан колдонулду
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 6-май күнү Ак-Буура дарыясынын боюндагы корук аймакта мыйзамсыз курулган объектилер бузулгандан кийин, алардын ордуна жаңы сейил бак куруларын билдирди.
Анын айтымында, коомчулуктун пикири эске алынган:
“Мурун да айрым ишкерлердин курулуштары бузулган. Баарына бирдей мамиле болсун деп, бул жагдай боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Аларга кенемте берүү же башка жерден орун сунуштоо тууралуу да айтканбыз, бирок натыйжа чыккан жок. Бул жер корук аймак болгондуктан, мыйзам боюнча пайдаланууга болбойт. Азыр техника иштеп жатат. Биз бул аймакты 10 гектардан ашуун чоң паркка айлантабыз. Бул – элдин, шаардыктардын муктаждыгын канааттандыруучу долбоор. Шаардыктарга эс алуучу жайлар жетишпейт. Паркта веложолдор, гүл бакчалар, пляждар курулат. Эл "айрымдардын имараты бузулбай, башкалардыкын бузуп жатышат, бирдей мамиле болушу керек" -деп нааразы болуп жаткан. Ошондуктан мыйзам баарына бирдей иштеши зарыл. Кафе ээлери сотко кайрылабыз дешүүдө, бирок мэрия шаардыктардын укугун коргойт” – деди Акаев.
Ошол эле күнү кечинде мэрия “Байсан” ресторанынын бузулуп жаткан видеосун жарыялады.
Муну менен катар, парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 6-майда өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү жазып, аталган ресторан ага тиешелүү эмес экенин, анын ээси жеңеси Адалат Абдибаитова экенин айтты.
Буга чейин мэрия “Байсан” Келдибековго караштуу деп билдирген. Бирок саясатчы анда комментарий берген эмес. Ал эми акыркы билдирүүсүндө Келдибеков Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев бул маалыматтын жалган экенин мойнуна алып, кечирим сураганын белгиледи.
Мэриянын маалыматына ылайык, “Байсан” рестораны дарыянын 50 метрлик корук зонасынын ичинде жайгашкан.
Өкмөттүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомуна ылайык, узундугу 10 чакырымдан 50 чакырымга чейинки дарыялар үчүн суу коргоочу зона 75 метрди түзөт. Ак-Буура дарыясынын узундугу 17 чакырым болгонуна карабастан, анын корук аймагы 50 метрге чейин кыскарган.



