
ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутпоого жана коомдук тартипти сактоого чакырды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды ар-намысты кемсинткен билдирүүлөрдү, ошондой эле улуттар аралык кастыкты жана жек көрүүнү козуткан аракеттерди жайылтпоого чакырат.
Ведомство мындай көрүнүштөргө, анын ичинде басмырлоочу жазууларды жана жарыяларды жайгаштырууга жол берилбеши керек экенин эскертет.
ИИМ ар бир жарандын укуктарын урматтоо, коомдук ынтымак жана өз ара сый-урмат өлкөдөгү туруктуулуктун негизги шарты экенин белгиледи.
Мындай аракеттер мыйзам бузуу болуп эсептелип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.



