
Кыргызгидромет 28-29-апрелде туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
28-29-апрель күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы жана айрым жерлерде локалдык нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жаткандыктан, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы 27-апрелде маалымдады. Аталган күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрү белгиленди.
Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоо этектериндеги райондорунда да сел жүрүү коркунучу бар экени айтылды.