
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети документтерди жасалмалоо фактысы боюнча Ош шаарында адамдардын тобун кармады.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында нотариалдык округдун жеке нотариусу жана ортомчу катары иш алып барган эки жаран кармалган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.