
Бишкек шаарындагы №40 мектепте Окуу декадасынын алкагында 4-класстын окуучулары үчүн таанып-билүүчү иш-чара өттү.
Жолугушууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Өмүркан Ашанбаева катышып, окуучуларга «Миллионер баламын» аттуу жомокту окуп берди.
Балдар активдүү катышып, суроолорун берип, жандуу маек жүргүзүштү. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга салым кошту.