
Айтматов районундагы Ак-Башат айылында мурда колдонулбай келген жерлер заманбап техникалардын жардамы менен иштетиле баштады.
Долбоорду Бай Элим компаниясы ишке ашырып, айыл чарба өндүрүшүн эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүүнү максат кылууда. Компания Global GAP жана ORGANIC стандарттарынын негизинде иш алып барууда.
Демилгенин алкагында Казакстандан “Гала” сортундагы картошканын 100 тонна үрөнү алынып келип, 40 гектар аянтка эгилүүдө.