
Кытайдын Санья шаарында VI Азия пляждык оюндары расмий түрдө старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Ачылыш аземи кеңири концерттик шоу-программа менен коштолуп, катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары салтанаттуу параддан өтүштү. Кыргызстандын мамлекеттик туусун жеңил атлет Тимур Исаков көтөрүп чыкты.
Быйылкы оюндарга 45 мамлекеттен келген спортчулар катышып, спорттун 14 түрү боюнча мелдештер уюштурулат. Кыргызстан бул ири мелдеште 40 спортчу менен 9 спорт түрү боюнча ат салышууда.
Азия пляждык оюндары 30-апрелге чейин уланат.